Бүгүн, 5-мартта Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү кызматкерлери айлык маянасынын аздыгына нааразы болуп митингге чыгышты. Митингчилердин айтымында, акыркы айда алардын эмгек акысы кескин кыскарып кеткен.
Алар билдиргендей, буга чейин өрт өчүрүүчүлөргө 6 миң сомдун тегерегинде айлык берилчү. Аскердик чиндерди эске алып кошулган каражаттар менен жалпы маянанын көлөмү 10 миң сомдон ашчу. Бирок акыркы айда кызматкерлерге 4 миң сомдон 1500 сомго чейин айлык которулган. Өрт өчүрүүчүлөр маянаны көтөрүүнү жана шарттарды жакшыртууну талап кылышууда.
Нааразы тарап менен сүйлөшүүгө өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов да келди.