Одессалык Барби өлгөн мышыгынын клонун жасатууну көздөп жаткандыгын билдирди

Барби деген ат менен таанымал болгон украиналык Инстаграм жылдызы Валерия Лукьянова күйөрмандары менен өзгөчө жаңылыгы тууралуу бөлүштү.

Ырчы, модель Лукьянова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жакынкы арада бир жыл мурун өлүп калган мышыгынын клонун жасата тургандыгын кабарлаган.

Бегемот деп ат берилген Лукьянованын мышыгы аны менен бирге көп жыл бою чогуу жашаган.

"Менин сүйүктүү мышыгымдын өлгөнүнө бир жылдан ашты. Келечекте анын клонун жасатууну көздөп жатам. Мен атайын биоматериалдарды сактап койгом. Клон менин мурдагы мышыгым болбосо дагы, анда Бегемоттун кайсы бир бөлүктөрү жашайт", - деп билдирген Лукьянова.

Валерия Лукьянова өзүнүн Барби куурчагына окшоштугу менен дүйнөгө таанымал болгон. Азыркы тапта ал өзү жараткан ырларды жаздырып, социалдык тармактагы баракчаларына жана YouTube каналына жарыялап турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alibay
2018-03-05 17:01:40
Ошол учун дагы Барби,Блондинкасын да((
+1
Nurtilek82
2018-03-05 17:46:49
чык эшике!
+4
Elina9695
2018-03-06 16:55:18
Мышыгына кеткен акчаны кайрумдуулука жумшасан болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан