Орусия дүйнөлүк интернетти өчүрүүгө техникалык жактан даяр, бирок бул процесс оор болот. Бул тууралуу Орусия президентинин интернетти өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешчиси Герман Клименкого таянып, орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, ал учурда Орусия президентинин жарлыгы менен чиновниктер үчүн атайын түзүлгөн интернеттин орус сегменти иштеп жатканын эске салды.
Клименко дүйнө интернетти тескөө жолунда баратканын, Орусия да анын катарында экенин белгиледи. Бирок ал Москва “Түндүк Корея же Куба сыяктуу экстремалдуу варианттарды” колдонбой турганын айтты.
"Президент Владимир Путин Рунет инфраструктурасын мамлекет тарабынан көзөмөлдөө үчүн “Байланыш жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү тапшырган. Былтыр октябрда Каржы министрлиги мыйзам долбооруна терс мүнөздөмө берген.
Путиндин атайын тапшырмасы менен иштелип чыккан “Сандык экономика” программасынын долбооруна ылайык, 2024-жылы 95 пайыз тариф орусиялык желе аркылуу өтүүгө тийиш. Мындан тышкары чет өлкөлүк программалык камсыздоолорду 10 пайызга чейин кыскартуу каралган. Быйыл Рунеттин коопсуздугун камсыздай турган систем ишке кириши керек", - деп жазышат басылмалар.