Шабдан баатыр жөнүндө тасманы тартууга бөлүнгөн каражаттын 11 миллион 500 миң сому максатсыз пайдаланылган. Ошондой эле тасма толук тартылып бүткөн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы Шабдан баатыр жөнүндө тарыхый тасманы тартуу иши колго алынган. Анда көркөм тасманын эки сериясын тартууга каражат бөлүнүп берилген. Чыгашалардын жалпы суммасы 80 миллион сом деп эсептелип, Каржы министрлиги 2014-2015-жылдары тасма жаратуучуларга 20 миллион сом бөлүп берген. Анын 11 миллион 500 миң сому айлык-акыга, техникалык жабдыктарды сатып алууга жана башка иштерге максатсыз жумшалган. Ал эми 8 миллион 500 миң сом тасманын продюсеринде калганы каржылык текшерүүдөн кийин аныкталып, ал сумма республикалык бюджетке кайтарылып берилген.
Бөлүнгөн каражаттын 60 миллион сому берилбей, тасманы тартуу иштери токтоп калган. Ал эми тарыхый көркөм тасманын продюсери жана режиссёру Эрнест Абдыжапаров каражаттардын негизги бөлүгү техникалык жабдууларды сатып алууга, костюмдарды тиктирүүгө иштетилгенин SUPER.KG порталына билдирди.
"2014-жылы "Кыргыз фильм" киностудиясына мамлекет тарабынан тарыхый тасма тартууга буйрук келген. Ага ылайык тартуу иштери күз мезгилинде башталмак. Бирок биз жазында эле аракет кылып баштаганыбызда мамлекет 10 миллион сом бөлүп берген. Ал каражатка кино тартуучу үчүн атайын жаңы камера сатып алганбыз. Камера көп суммадагы каражатка алынган. Ошондой эле костюмдарды тиктирдик, курал-жарактарды алдык. 7 дубандын аймактарын кыдырып, кайсы жерден тартса ыңгайлуу болорун изилдедик. Ошондо дагы 10 миллион сом бөлүп беришкен. Албетте, ошол мезгилде тасма тартуучу командага айлык төлөнүп турду. Тартуу иштери башталганда киностудиянын жетекчиси мени чакырып "тасманы тартууну токтотобуз, буйрук келди" деп арыз жаздырып алды. Эмнеден улам тасманы тартуу иштери токтотулуп калганын эч ким түшүндүргөн эмес", - дейт продюсер.
Ошондой эле ал тасманы тартууну токтотуу боюнча чечим анын сценарийине байланыштуу ызы-чуулардан улам келип чыккандыгын кошумчалады.