Ырчы Анжелика Бекболиеванын ажырашуу тууралуу жазган арызы боюнча соттук отурум 12-мартка жылдырылды

Ырчы Анжелика Бекболиеванын жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашуу боюнча жазган арызынын негизиндеги соттук отурум 12-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми ырчынын өзү менен байланышсак, учурда жумуштары менен жүргөнүн айтты. "Мен азыр съёмкадамын. Бүгүнкү сот отуруму башка убакытка жылдырылмак. Ишти менин атымдан барган өкүл алып барат", - деди ал.

Эске салсак, Бекболиеванын ажырашуу тууралуу декабрь айында жазган арызы бүгүн, 6-мартта Биринчи Май райондук соту тарабынан каралмак.

Биринчи соттук процесс 2017-жылдын 20-декабрына белгиленип, ага Урмат Бекболиев келбей койгонуна байланыштуу кезектеги соттук кароо 29-январга белгиленген. Бирок Биринчи Май райондук соту соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдирип, анын себебин түшүндүрүүдөн баш тарткан.

Айта кетсек, ырчы жеке ишкер Урмат Бекболиевге 2006-жылы турмушка чыккан. 10 жылдан ашык түтүн булаткан түгөйлөр 3 кыздуу болушкан. Ырчы SUPER.KG порталына 11 айдан бери жолдошу менен чогуу жашабай калганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
artur999
2018-03-06 13:16:15
ушул Анжелика озун пиар кылдыго, уже не интересно про Анжелику.
+11
Elnura1997
2018-03-06 13:22:04
Сотунун мооноту келгиче тамашалап койбосо болду
+16
i1urp
2018-03-06 13:36:43
Абдан сулуу айым. Соз жок. Ажырашабы же жокпу, озунун жеке жашоосу.
-13
Daak9091
2018-03-06 13:37:24
Депутатардын сотундай эле болдуго бул айымдын соту жылдырылды анан тамашалады анан дагы нени ойлонуп жаты экен
+8
kirgiz.....
2018-03-06 14:13:02
Озунчо эле сериал болду го булар.
+6
Dembele84
2018-03-06 14:18:34
Надоела она уже!
+8
nargiz94
2018-03-06 14:41:49
Саляновадай болуп мунуку да сонку кабардан тушпой калбаса болду
+7
jbolotov
2018-03-06 15:01:46
Ортодо бала чакам бар деп Сотко келбей аткандыр Урмат. Эми ажырашбай эле кой, андан коро аялынды катуу карма, ырдатбай иштетбей эле отургузуп салчы.
+5
nukura_jigit
2018-03-06 15:09:09
Ырчы эмес, супер инфочу Анжелика дегиле.
Суперден тушпой калды го
+8
urmat-77
2018-03-06 16:14:33
Мындан башка жаңылык жокпу.Бир жери алтын болсо да болдуда эми.Бул ажырашса жашоо токтоп кала тургандай.
+10
Aznazalai
2018-03-06 18:52:03
Экоон же жарашкыла же бир жолу бет карашкыс болуп ажырашкыла нары.сенин турмушун бизге бир тыйын.Надоела!!!!
+5
Ka4okrys
2018-03-06 20:35:48
Тажаттыго ушу супер инфого кирсең эле ушул жүргөн кызыго жок мага ажырашабы же жарашабы
+3
ruslanz
2018-03-06 20:51:23
Ажырашабы, же жокпу биздин кандай ишибиз бар.Талкууда болгонду жакшы коргон неме окшойт.
+4
Aselya_9105
2018-03-06 22:46:14
Ооо Жаратканым, бул таттуу түгөйлөр ажырашбай эле койсунчу..... Экөөнө ынтымак,кайрадан сүйүү бере көр.















-3
Janna07
2018-03-06 23:14:15
Ажырашам деп арыз берипсин деп журналист суроо берсе, «жон эле коркутуп койгом» дегенин угуп чынын айтсам менин бетим чымырап кетти, ушунчада артист болобу. Кыскасы озунун абиирин озу тогуп бутту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан