Өзбек спортчусу Арнольд Шварценеггердин колунан сыйлык алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыккан.
Маалыматка караганда, өзбекстандык Михаил Волынкин бодибилдинг боюнча өткөн "Arnold Classic 2018" мелдешинде чемпион аталып мелдештин уюштуруучусу, "Мистер Олимпия" наамынын жети жолку жеңүүчүсү, актёр Арнольд Шварценеггердин колунан сыйлык алган.
"Мени колдоп жаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Мен өз мекенимди сүйөм! Бул жеңишимди мекениме арнайм!" - деп жазган Волынкин.
Белгилүү болгондой, Волынкин бодибилдердин картасына ээ болгон Орто Азиядан чыккан жалгыз жеңүүчү атлет. Мындан кийин ал эң күчтүү атлеттер менен күч сынаша алат.