Калимантан аралында 6 метрлик крокодилдин ичинен адамдын дене мүчөлөрү чыкты. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Калимантан аралынын Кута аймагынын 36 жаштагы жашоочусу Анди Асо Эранг балык кармаганы кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Анын туугандары анын жоголгонуна 2 күн болгон соң гана полииция кызматына арыз менен кайрылышкан.
Полиция кызматкерлери Эрангдын эки колу, бир буту жок жансыз денесин дарыянын жээгинен табышкан. Айылдын жашоочулары маркумга кол салган крокодилди издеп башташкан. Көп өтпөй крокодил табылып өлтүрүлгөн.
"Мен өзүмдүн күйөөмдү жакындарым менен издедим. Биз анын бут кийимин дарыянын жээгинен таап алдык. Мен жолдошумду крокодилге жем болот деп ойлогон эмесмин", - деп билдирген маркумдун жубайы.
Айылдын жашоочулары узундугу 6 метр болгон крокодилди атайын жээке алып чыгып союшканда, анын ичинен Анди Асо Эрангдын колдору жана буту табылган.