Жалал-Абад облусунда 1000ден ашык үй-бүлө көчкү басып калуу коркунучу бар аймакта жашап жатат. Алардын көпчүлүгү Аксы, Базар-Коргон жана Сузак районунда жайгашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекиловдун SUPER.KG порталына билдиргенине ылайык, облус боюнча жалпы 1190 үй-бүлө болсо, анын 160ы коопсуз аймакка көчүрүлдү.
"Аксы, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында 1190 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатса, анын ичинен 180 үй-бүлөнүн электр жарыгы өчүрүлүп, 160ы көчүрүлдү. Ал эми дагы 20 үй-бүлөнү көчүрүү керек. Бирок дале 1000ден ашык үй-бүлө кооптуу аймакта турат. Анын 700дөн ашыгына жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүнүп ссудалар берилген болсо, 363 үй-бүлөгө эч нерсе бериле элек", - деди Бекилов.
Белгилей кетсек, буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мекемелер аралык комиссиясынын жыйынында өлкө аймагында 4 миңден ашуун үй-бүлө жер көчкү басып калуу коркунучу бар аймактарда жашап жатканын айткан.
Премьер-министр Сапар Исаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тез аранын ичинде тургундарды көчүрүү маселесин чечүүнү тапшырган.