Бишкектеги Тынчтык конушундагы мечиттин эки конушту байланыштырган көпүрөнүн жанына жолго салынып жаткан дааратканасынын курулушу токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Бүгүн, 6-мартта казыяттан атайын топ түзүлүп, Тынчтык конушунун тургундары менен жолугуп келишти. Жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, анын натыйжасында даараткананын курулушун мечиттин аймагына жылдыруу чечими кабыл алынган. Аталган маселе боюнча эл доолору жок экенин айтышты”, - дейт башкармалыктан.
Айта кетсек, буга чейин окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына "Бишкекте мечиттин дааратканасын көпүрөнүн жолуна салып жатышат" деп кабарлаган.