Бишкектин 19 жаштагы тургуну бир айдан бери дайынсыз болуп, изделүүдө

Бишкектин 19 жаштагы тургуну Зарина Хамраюмова бир айдан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн SUPER.KG'ге 6-мартта билдиришкендей, 1999-жылы туулган Зарина 2018-жылдын 5-февралында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Заринанын бою 155-160 сантиметр, чачы узун, кара түстө. Ошол күнү үйүнөн булгаары күрмө, кара жынсы шым, бутуна кара түстөгү бут кийим кийип чыгып кеткен.

Эгер изделип жаткан кыздын кайсы жерде жүргөнү тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин 0(312) 43-32-75; 0553 10-25-66; 0772 05-20-00; 0702 49-88-88 номурларына чалсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан