Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Марат Төрөбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин Төрөбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз бергени айтылган.
Айта кетсек, Марат Төрөбековдун бул кызматка отурганына бир нече ай болгон. Тагыраагы ал 2017-жылдын 17-ноябрында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган.