Шылуундар "көздүн ордуна шишик менен төрөлгөн балага Германияда дарыланууга 200 миң доллар керек" деп элден акча чогулта баштаганы белгилүү болду

Шылуундар "көздүн ордуна шишик менен туулган ымыркайдын Германияда дарылануусуна 200 миң доллар керек" деген билдирүүнү интернетке жарыялап, элден акча чогулта баштаган. Бул маалыматтын калп экенин ымыркайдын атасы Асилбек Нуркамил уулу SUPER.KG`ге билдирди.

"Мага досум чалып, "Германияга кетип жатыпсыңар, аман-эсен барып келгиле. Мен бир аз тыйын берейин дедим эле" дейт. Таң калып, чочуп кеттим. Андай кабарды сенден биринчи жолу угуп жатам десем, "намыстанбай эле кой, балаң жакшы болуп кетсин" деди. Баламды Германияда дарылатмак түгүл, Бишкекке барганга акчабыз жок. Элдин жардамы менен бир аз акча чогултуп, эми 14-мартта борборго баралы деп жатабыз. Интернетте тарап жаткан мындай маалымат калп", - деди Асилбек Нуркамил уулу.

Кошумчалай кетсек, Асилбек Нуркамил уулунун баласы Табарак көзүнүн ордуна шишик менен төрөлгөн. Туулганына бир жарым ай болгон ымыркайдын атасы SUPER.KG порталына берген маегинде "уулубузду бирөөгө көрсөткөндөн чочулайбыз, жадакалса дарыгерлер да коркуп кетишет" деген эле.

Көз ордуна көк шишик менен төрөлгөн ымыркай (абайлаңыз, сүрөт)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Okunboim.
2018-03-06 19:36:24
Козу кор болуп калсын, ошол шылуундардын!!! Кудайдан коркпой кылган ишин карагыла!
+19
Kanzada97
2018-03-06 19:39:51
Ким билсин эми балким жардам бергиси келгендер мындайча айтканда "сюрприз" кылгысы келгендир. Кудай билет кандай мааниде жыйылыптыр
-16
karakulja
2018-03-06 19:48:55
Мунун баарына Аллахым кубо.Шыпаасын берсин балага
-3
momun74
2018-03-06 19:56:30
шылуун болбосо жардам кылганды каалашсса Асилбектин элсом номерин жазышмакда кудайдан корпогон акмактар
+5
aika0906
2018-03-06 20:29:26
Ооба ватсапта журот го бул уйбуло азыр германияда деп аудио жонотушуп атат.. атайын ОШТВ каналынын тартып келгени бар экен ошол жердеги ноиэмерге салдык биз дагы жардамыбызды.
+3
Azatbek83
2018-03-06 21:44:20
aika0906,Чындап айт сен эле айтып жатасың эгер жалган болсо сени УКМКа тез эле таап алат даныйларындан анан уктум эле дебе чындыкты айт! Эгер чын болсо сволочтор эки буттуу айбандар сөзсүз табылат!
+3
taku88
2018-03-08 08:17:34
Azatbek83,оа ватсаптан журот бирок суроттун жонотсон канча сурот жонотсон баланын счетуна тыйын ватсап которуп берет депжурот коп коп жонотуп койгула деп бирок ушул голосту(суйлогон) башка суроттон да келген эле ошентип создору бир бирок суроттор башка
0
raykray
2018-03-06 21:58:53
Кайсы ооруулунун атынан акча чогултуп акысын жегендер болсо аларга кааларым силерда ошо кунду коргуло козунор жалдырап калгыла элге!!! Бул ишти баштагандын ошо козу корбой и кулагы укпай калса эмне?!
+4
Aijan06
2018-03-06 22:35:17
Ии шумшуктор. Мен бугун акча салбадым беле. Туура эле салдым болду экенби. Супердеги номерге жазып салдым эле. Админ билип бериниздерчи
+2
Gulnyr19
2018-03-07 00:45:40
Ошол дарт ылайым эле ошолорго барып жармашсын кудайдан коркпогон эшектер
+2
kanima
2018-03-07 00:58:00
Дени карды соо туруп ушул байкуштарды да пайдаланып акча таап калайын дегендер кудайдан корксонор болот эле.Аллахым шыпаасын берсин.
+1
gulya583
2018-03-07 02:07:31
Кудай сактасын азыркы учурда оорулардан акча жасагандар кобойуп кетти. Рак оорусу бар адам врачтардын козуно доллар болуп корунот экенда...
+1
azamat85
2018-03-07 10:52:39
Асилбек Нуркамил уулу менен кантип байланышсак болот? кичине болсо жардам берели...
0
admin_superstan
2018-03-07 10:56:38
azamat85, Aijan06, aerforce, саламатсыздарбы! Жардам беребиз дегендер үчүн байланыш телефондору: 0774 32 24 63 (ЭлСом), 0776 122190 (WhatsApp) Асилбек
0
AKCAHAT
2018-03-07 13:38:05
Ар бир жонотулгон суроту ватсаптан 20цент которулат автоматический деп журот. Ватсап акча болобу ушундайларга эмне?
0
munduz2016
2018-03-07 15:44:54
Акча дегенде жардан да секире турган болум калышты кээ бир жемекорлор....
+1
altyn2015
2018-03-07 19:28:50
уят!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан