Түркия төңкөрүш жасоого айыпталган 65 офицерди өмүр бою эркинен ажыратты

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып 65 офицер өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Түркиянын соту 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга катыштыгы бар деп аскер-деңиз күчтөрүнүн 65 офицерин өмүр бою эркинен ажыратты. 47 офицер катуу тартиптеги режимде жаза өтөсө, 18 офицер катардагы түрмөдө жазаларын өтөшөт.

Ушул жылдын февраль айында сот төңкөрүш жасоого катыштыгы бар деп аскер окуу жайынын 64 курсантын жана мугалимдерин өмүр бою абакка алуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, 2016-жылдын 16-июлунда бир нече топ Түркияда аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган. Бул көтөрүлүштөн кийин 50 миң киши камакка алынса, 140 миңдей мамлекеттик кызматкер менен аскер адамдары кызматтарынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2018-03-07 00:47:04
Бизде болсо баатыр деп наам беребиз!
Кыргыздар Бошпузда Оозду ачыып Бийликти жамандап отура беребиз, Колунан эч нерсе келбейби суйлобо! Эгер чын эле нааразы болсон Анда каршы чык Бул жерде комент жазыыып Былжырабай
+4
Shekeev969798
2018-03-07 00:48:57
Создун кыскасын айтканда, Бизге темирдей тартип керек! А то Баары бардак болуп кетти ойдо жактагыларды айтам
+3
Kirajsjk
2018-03-07 01:49:03
Tuura aitasinar..kachan bizde zakon ishtep bawtait boldu eken.
0
Beka9393
2018-03-07 04:07:27
Kirajsjk, Тоонун куйругу жерге тийгенде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан