Япония терроризмге каршы туруу жана эне-баланын ден соолугун чыңдоо үчүн Кыргыз мамлекетине 6 миллион доллар берет

Бүгүн, 6-мартта Япониянын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Ёсихиро Ямамура, БУУнун Кыргыз мамлекетиндеги Балдар фондунун өкүлү Юкиэ Мокуо жана БУУнун Борбор Азиядагы Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлү Ашита Миттал алмашуу ноталарына кол коюшту.

Ага ылайык, Япония Кыргыз мамлекетине 6 миллион 200 миң доллар берет. Бул каражат "Улут аралык кылмыштуулукка, терроризмге жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу" жана "Эне жана баланын ден соолугун коргоо тутумун чыңдоо" программасын ишке ашыруу үчүн жумшалат. Программа БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана БУУнун Балдар фонду тарабынан ишке ашырылат.

Иш-чарага өкмөт башчы Сапар Исаков да катышканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Сапар Исаков өз сөзүндө Япония өкмөтүнө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, аталган келишимдин алкагында ишке ашырылчу программалар Кыргыз өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттары менен үндөш экендигин билдирди.

"Аталган программаларды ишке ашыруу баңгизаттын жана баңгизаттан көз карандылыктын жайылтылышы менен күрөшүү, саламаттыкты сактоо кызматтарын камтууну кеңейтүү, сергек жашоо мүнөзүн киргизүү жана башка маселелер боюнча 2030-жылдын күн тартибин туруктуу өнүктүрүү боюнча максаттарга жетүүгө салым кошот", - деди Исаков.

Элчи Ёсихиро Ямамуранын айтымында, Япония Кыргыз мамлекети менен көз карандысыздыкка ээ болгон күндөн баштап достук мамилени бекемдөөсүн улантып келет.

"Биздин өлкө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана өлкөнүн жарандарына демократияны орнотууда ар дайым колдоо көрсөтүп келген. Балдар фонду менен Баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыктын мурдагы долбоорлорунун жыйынтыктарын баалап, биз аталган долбоорлор Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтөт деп үмүт кылабыз", - деди ал.

Юкиэ Мокуо программа эне жана балдардын өлүмүн кыскартуу жана саламаттыкты сактоо боюнча күч-аракеттерди колдоого багытталганын белгиледи.

Ашита Миттал: "Өлкөнүн коопсуздугуна, башкаруусуна жана жарандардын ден соолугуна түздөн-түз таасирин берген баңгизаттарды сатуу рынокторунун динамикалуу өнүгүп жатышынан улам келип чыккан өлкөнүн алдындагы көйгөйлөрдү чечиш үчүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы турган тутумду түзүү абдан маанилүү. Бул аракеттер 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүгө жардам берет", – деп белгиледи өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
kriss120
2018-03-06 22:54:34
Дагы куносу жок биролорду камайт да террорист деп.
+9
nargiz94
2018-03-06 23:09:40
Ай Кудай билет, Кудай билет аманатка кыянат кылаары турган иш... 6 млндун деги эле 2 млн уже жок да
+4
Dembele84
2018-03-06 23:20:28
Эмнеге жумшадынар деп бир жылдан кийин сураса билбейт экем замдардан сурап коройунчу дейт да куйгузуп дагы
+3
nazarKGZ
2018-03-06 23:26:55
охо жырный деп суйунуп атышата
+4
Asyl.jazi
2018-03-06 23:33:24
Кылмыштуулукка каршы күрөшөбүз деп, тескерисинче кылмыштарды көбөйтүп жатышат
+1
Boika1986
2018-03-06 23:40:24
6миллион 2жузмин уже ордун тапты Япондорго мына эздик деп туруп жеп жуттар суу куйатко чиркин.
+1
KUBI
2018-03-07 00:05:16
Жазында витамин жетпей турганда,сонун болду да.Эми шашпай айласын таап, синире жегиле.
+1
nargiz94
2018-03-07 00:05:50
200мин долларын козундо шишиги бар баланын ата энесине берип, анан уй алып берип коюшса чонтогуно салганын токтотуп эле, как раз эне баланын ден соооугун чындоо учун дептир го
+7
rejepova
2018-03-07 00:18:24
Эне баланын денсоолугун чындайбы же оздорунун чонтогун кампайтышабы?!
+2
Altyn10076
2018-03-07 00:27:29
Өздөрүнүн чөнтөктөрүн чыңдайт бөксөрүп калбасын деп
+2
nurik903
2018-03-07 00:36:32
кайырчы болуп олдук
+2
AKCAHAT
2018-03-07 01:18:42
Япондор кытайлар башкалар жинди эмеспи кантип бизге ишенип грант, карыз беришет кечкээле.Заводу жок фабрикасы жок жеке бизнес кичи бизнес ноль пайыз коруп билип туруп деле беришет. Же байкуштар ушунусунда чындап эле адам болуп кетишээр деген илгери умут мн миллиондогон долларды берип салышабы? Эхх кандай гана кызыкчылыктар бар экенин 15-20ж кийин билебиз
+4
Atas
2018-03-07 02:44:56
Улам млн доллар ала бергиле
кандай жакшы деп
+2
bekhaliev
2018-03-07 07:29:16
Мени кара сени кара уже жокта
+1
jbolotov
2018-03-07 09:00:30
Качан бизге намыстуу мекенчил жетекчи келет? 25 жылдан бери тилемчи мамлекет болуп жашап атабыз, откондо С.Исаков Индиядан Бабатрон аппаратын тиленип алдык деп мактанды, эл аралык чогулушта Индиядан аппарат сурап жалдырабай сатып алсада болмокго. Кул кул бойдон калат намыс болбойт деп бабаларыбыз туура айткан экенда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан