Испанияда балдарга гана арналган смартфон жарык көрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, испаниялык "Еѕсudо Wеb" компаниясы РhоnеКіd аталыштагы балдарга гана арналган смартфонун коомчулукка тартуулады.
РhоnеКіd - Android системинин негизинде иштеген мобилдик телефон. Атайын тиркемелердин жардамы менен ата-эне баласынын смартфонун башкара алат. Алар балдары кандай мобилдик оюндарды көчүрүп жаткандыгын жана кайсы интернет баракчаларына кирип жаткандыгын көрүп жана көзөмөлдөй алат.
Жаңы смартфондордун дагы бир мүмкүнчүлүгү анда SOS баскычы бар. Эгерде бала өзгөчө кырдаалга кабылса, ал баскыч баланын ата-энесине белги берет.
Азыркы учурда "Еѕсudо Wеb" компаниясы смартфондорду чыгаруу үчүн өнөктөш издеп жаткан маалы, эгерде өнөктөштөр табылса смартфондор 2018-жылдын аягында сатыкка чыгат. Алардын болжолдуу баасы 150 еврону түзөт.