"Күчтүү аймактар - экономикалык жактан өнүккөн өлкөнүн мыкты таянычы" деп кечээ, 6-мартта вице-премьер-министр Санжар Муканбетов "Аймактарды өнүктүрүү жылы" боюнча жарлыкты ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин экинчи көчмө жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Вице-премьер-министрдин айтымында, 2018-жылы аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга, инвестицияларды тартууга жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө басым жасалат.
"Президенттин "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгын ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги шарты катары мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерин жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүгүн жана артыкчылыктарын эске алуу менен, ага ылайыкташтыруу болуп саналат. Буга катар ар бирибиз "Аймактарды өнүктүрүү жылынын" алкагындагы иш-чараларды иш жүзүнө ашырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек. Бул жылды өткөрүүдө республиканын аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана карапайым жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн өбөлгөлөр түзүлөт", - деди Муканбетов.