Монголияда өз өмүрүн кыйган эркектердин саны өстү. Алардын көбү 34 жаштан 39 жашка чейинки мырзалар

Монголияда эркектердин өлүмүнүн негизги себеби - суицид. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Монголияда 2017-жылы жанын кыйган эркектер аялдарга караганда көп катталган.

"Монголиянын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 34 жаштан 39 жашка чейинки көз жумган эркектердин 85 пайызы өзүн-өзү өлтүргөнү аныкталган", - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле өлкө аймагындагы жумушсуздук, социалдык-экономикалык маселелер, депрессия, баңгилик, ичкилик жана ар кандай оорулар суициддин негизги себептери катары көрсөтүлгөн. Психологдордун айтымында, өлкөнүн өкмөтү суицидге барган эркектердин өлүмүнүн алдын алуу боюнча маселе көтөрүп, тез арада аны чечүүсү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kosmos2013
2018-03-07 09:07:45
Убагында Чынгызхан канчалаган мусульман дардын убалына калган,эми ошонун кесепети тийип жатса керек урпактарына!!!
-4
Sogushov
2018-03-07 10:34:00
Kosmos2013, Гитлердин урпактары азыр нааборот эн жакшы жашоо коорудо. А бул жагына кандай карайс?))))
+7
Ayida
2018-03-07 13:26:04
Sogushov,Эн жакшы жашоо бул байлыгы болуу зангыраган уйу бар акчасы коп бийлиги бар адамдын жашоосу эмес.Ыйманы бар Аллахты тааныган адамдын жашоосу эн жакшы жашоо
0
din_tomas
2018-03-07 14:28:33
Kosmos2013, жакшылап изилдесе Чыңгызхан сенин да чоң аталарың болуп кетет
Чыңгызхандын урпактарына биз да киребиз
+1
Kosmos2013
2018-03-07 15:26:40
din_tomas,Сенин эле чон атан болбосо меники эмес иним
-2
din_tomas
2018-03-07 16:59:09
Kosmos2013, сен тарыхты тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен тосуп алат
0
Kosmos2013
2018-03-07 19:51:04
din_tomas,Эй чон ата болбочу
-2
muslim87
2018-03-07 21:18:49
Моңголияга көк кит эми барганго.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан