ЖЫЛНААМА, 7-МАРТ: UFC`де Кыргыздын атын чыгарган мушкер Валентина Шевченко 30 жашка чыкты

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко Бишкек шаарында 1988-жылы 7-мартта төрөлгөн.
Валентинанын апасы Елена кезинде таэквондо менен машыккан. Валентинанын эжеси Антонина да ушул жолду тандаган. Валентина 5 жашында түрдүү спорт түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып мыкты даярдыктардан өткөргөн.
Уруштун муай-тай түрү боюнча ага Кыргызстанда, Азияда атаандаш жок болуп калган. Кийин Валентина Шевченко дзюдо боюнча "КРнын Спорт чебери" аталган. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орун алган. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң каарманыбыз Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында "Орусиянын чемпиону" аталган. Семинарлардын биринде Перудан баш тартылгыс сунуш түшүп, ошол өлкөгө аттанган.
Спорттун бул түрү менен гана чектелип калбастан ал 2013-жылы Перунун борбор шаары Лимада өткөн IDPA версиясы боюнча согуштук тапанчадан ок атуу мелдешинде коло медалдын ээси болгон.
2015-жылдын 20-декабрында АКШнын Орландо шаарында UFC (Мушкерлердин абсолюттук чемпиондугу) мелдеши өткөн. Анда Шевченко 8 бурчтукта атаандашы канадалык Сара Кауфман менен бет келип, упайлардын эсеби менен каршылашын жеңип алган. Бул жеңиши үчүн ал 36 миң доллар каражат алган.
АКШда 2016-жылдын 6-мартында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча UFC-196 деген аталыштагы мелдеш өткөн. Анда 62 килограмм салмак ченинде Валентина Шевченко октагонго чыгып, бразилиялык Аманда Нунез менен беттеште утулуп калган.
Ушул эле жылдын 24-июлунда Шевченко "UFC on Fox 20" мелдешинде Дүйнөнүн экс-чемпиону Холли Холм менен беттешип, упай катыштыгында жеңишке жетишкен. 5 раундга созулган беттеште 3 калыс тең Валентинаны жеңүүчү деп тапкан. Бул жеңиш анын рейтингдеги 7-орундан 3-орунга секирик жасоосун камсыздап, чемпиондук титулдун ээси Аманда Нунез менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк ачкан. Чемпиондукка карай кийинки беттешин ал Жулианна Пенья менен өткөргөн. Экинчи раунддун 4:29 секундасында Пенья жер чапкылап Шевченко жеңишке жетишип, чемпиондукка талапкер болгон.
2017-жылдын 9-июлунда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун алдында Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттеши болмок. Чемпиондук кур үчүн машыгууларды өткөрүп жүргөн Кыргыз жеринен чыккан спортчу Валентина Шевченко беттеш Нуньестин ден соолугуна байланыштуу болбой калган. Канаданын Эдмонтон шаарында 10-сентябрда UFC-215 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн Аманда Нуньес менен реванштык беттешке чыгып жеңилип калган. Жеңилүү ызасын тартып калган Валентина Шевченко: "Мен түшүнбөй турам. Кайсы соккусу үчүн ага жеңиш ыйгарылды? Менден токмок жегени үчүнбү? Бетин карагылачы, кан, мурду канап жатат. Соккунун баары мен тараптан болду. Ал эки капталдан гана алсыз соккуларды уруп жатты. Мен оюндун жыйынтыгына макул эмесмин. Калыстык болсо 3-беттешке уруксат берилиши керек" деген оюн айткан.
Шевченко Бразилиянын Белем шаарында өткөн мелдеште Присцилла Качоейраны жеңип алган соң UFC'нин жаңыланган рейтингинде дароо эле 57 килограмм салмак ченинде 1-орунга көтөрүлгөн.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттун эрежесиз мушташ багытына кошкон салымы үчүн Валентина Шевченкону атайын кол саат менен сыйлаган. Мушкер чет өлкөдө болгонуна байланыштуу саатты Шевченконун апасы Елена Шевченко алган.
Елена өзүнүн бош убактысында саякатоону жана бийлегенди жактырат. Ал лезгинка бийин мыкты бийлей аларын көрүүчүлөргө бир нече жолу көргөзгөн.
7-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан