Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" ишканасы жаз мезгилине карата гүлдөрдү отургузуу иштерине даярдык көрүп жаткан учур. Бишкек шаардык мэриясынан маалымдалгандай, ушул тапта ишкананын күнөсканаларынын 73 жумушчулары жаш көчөттөрдү чоң идиштерге которууда. Февраль айында ишкананын эки оранжереясында 30дан ашуун бир жылдык гүлдөрдүн уругу себилген. 1 миллион 200 миңдей гүлдөрдү апрель айынын аягында шаардык мекемелердин, ишканалардын алдына отургузуу пландалууда.
Отургузулуучу гүлдөрдүн арасында сальвия, катарантус, колесуа, далия, лобулярий гүлдөрүнүн 3 түрү, тагетис гүлүнүн 10 түрү жана вербен, цинерари, целози, астра, петуния, агератум өңдүү түрлөрү бар.
Белгилей кетсек, "Жашылдандыруу" ишканасынын алгачкы күнөсканасы 1933-1940-жылдары курулган. Ал эми калган күнөсканалары согуштан кийинки мезгилде курулган. Өткөн жылы күнөсканада оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, жумушчуларына жакшы шарттар түзүлгөн.
Жалпысынан ишкананын ар бир оранжереясында жылына 700 миңден ашуун бир жылдык көчөттөр өстүрүлөт. Штатта 89 кызматкер эмгектенишет.