ЖЫЛНААМА, 7-МАРТ: Бактылуу жашоо үчүн социалдык тармактагы баракчаларды колдонуудан баш тарткан актриса Рэйчел Вайс 48 жашта

Бүгүн, 7-мартта британиялык актриса, "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарынын ээси Рэйчел Вайс 48 жашка толду.

Актриса 1970-жылдын 7-мартында Улуу Британиянын Вестминстер аймагында жарык дүйнөгө келген. 14 жашында модель катары өзүн сынап көргөн, бирок тандаган кесибин аркалай алган эмес. Мектепти аяктаган соң Кембриж университетинин англис адабияты бөлүмүндө билим алган.

1992-жылы сериалдарда эпизоддук ролдорду аткара баштайт. Тасма талаасында жүрүп тажрыйба топтой баштаган ага 1994-жылы "Өлүм машинасы" ("Машина смерти") деген толук метраждуу фильмге тартылууга сунуш түшөт. 25 жашында "Билинбеген сулуулук" ("Узкользающая красота") тасмасына тартылган. Андагы ролу анча чоң эмес болгонуна карабай, режиссёрлор жана продюсерлер талантына баа берип, биринчи пландагы ролдорду сунуштай башташкан.

Актрисага дүйнөлүк атактуулукту "Мумия" тасмасы алып келген. Аз, бирок саз эмгектери менен таанылган Рэйчел "Дарбазадагы душман" ("Враг у ворот"), "Константин: караңгылыктын өкүмдары" ("Константин: Повелитель тьмы"), "Оз: улуу жана коркунучтуу" ("Оз: великий и ужасный"), "Терең көк деңиз" ("Глубокое синее море"), "Фонтан", "Берилген багбан" ("Преданный садовник") жана башка бир нече фильмдерде роль жараткан.

Криминалдык ролдорду ийине жеткире аткарган актриса 2006-жылы "Берилген багбандагы" ролу үчүн "Алтын глобус" жана "Экинчи пландагы мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыктарына ээ болгон.

Жеке жашоосу

Актрисанын жеке жашоосу тасмадагы романдарына үндөшүп кетет. Алгачкы чоң сүйүүсү режиссёр Сэм Мендес болгон. Бирок экөөнүн ортосундагы мамиле аз убакыттан кийин токтоп калган.

Андан кийин режиссёр Даррен Аронофски менен мамиле куруп, 2006-жылы Генри аттуу уулдуу болушкан. Бирок түгөйлөрдүн үйлөнүү тою болгон эмес. 2010-жылдын аягында актриса жолдошу экөөнүн ортосундагы мамилеге чекит коюлганын билдирген.

Актриса тасма талаасында белгилүү актёр Дэниел Крейг менен таанышып, 2011-жылдын июнь айында ага турмушка чыккан. Рэйчел: "Жыл өткөн сайын бакыт тынчтыкты сүйө турганын түшүнөт экенсиң" деп билдирген. Бакыт үчүн актриса социалдык тармактардын бирин дагы колдонбойт. Атактуулардын үй-бүлөлүк сүрөттөрү да коомчулукка, алтургай маалымдоо каражаттарына да жеткиликсиз.

Рейчэл Вайс бир гана актриса катары таанылбастан, продюсер катары да белгилүү. Ал "Заттардын образы" ("Образ вещей"), "Радиатор" фильмдеринде продюсердин ишин аткарган.

Баса, ага атактуулукту алып келген "Мумия" тасмасынын үчүнчү бөлүгүнө тартылуу үчүн 3 миллион доллар гонорардан баш тартканын бир канча чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Актрисанын атасы Жорж Вайс еврей болгондуктан Венгриядагы улутчулдардын куугунтугунан улам Улуу Британияга көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми апасы Эдит Руттун да түпкү теги еврей болгон. Мындан улам актриса өзүн еврей деп айтып келет. Рэйчелдин Минни деген бир тууган сиңдиси бар. Ал сүрөтчү болуп эмгектенет.

7-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kumarchik
2018-03-07 14:26:14
мага жагат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан