Ала-Бука районунда 3 айыл өкмөт суусуз калды. Бул тууралуу 7-мартта парламент жыйынында депутат Исхак Пирматов айтып чыгып, өкмөттү тез арада себебин тактоого чакырды.
"Ала-Букада массалык эпидемия башталып кетүү коркунучу жаралды. Чуст каналына 1 тамчы суу келбей, 3 айыл өкмөттүн эли сууну Сумсар сайынан ташып жатышат. 2 апта болуп калыптыр. Эмне үчүн мындай болду деп Өзбекстандан сураган адам жок. Жашоочулар ылай суу ичип жатышат, мал кырылып калышы мүмкүн. Орто-Токой суу сактагычы биз жакка өттү деп сүйүнүп жатпадык беле? Союз кезинен бери бул 3 айыл Орто-Токой суу сактагычы аркылуу Чуст каналына келген суу менен жашайт. Тез арада себебин такташ керек", - деди Пирматов.
Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Орто-Токой суу сактагычы боюнча келишимди Жогорку Кеӊеш ратификациялаганын, учурда документ Өзбекстандын кароосунда экенин билдирди.
Мындан кийин Пирматов келишим өз жолу менен карала берерин, азыркы тапта Чустка эмне үчүн суу келбей калганын тактоо зарыл экенин айтты.
Мурашев кырдаалды тез арада териштирүүнү убадалады.