"Бишкектин айрым көчөлөрүндө жарыктын жоктугу кылмыштуулукту күчөтүп жатат" дейт коомдук уюмдун мүчөлөрү

Бишкектин айрым көчөлөрүндө түнкү убакытта жарыктын жоктугу кылмыштардын көбөйүшүнө себеп болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта "Бишкектеги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу" аттуу тегерек столунда "Жарандык бирикме" коомдук уюмунун мүчөлөрү билдирди.

Алардын айтуусуна караганда, шаардын аймагындагы борбордук көчөлөргө жарык берүүчү көчө чырактары коюлганы менен ички көчөлөрдө жарык жок.

"Шаардын аймагындагы райондордун ички көчөлөрүндө жарык жок болгондуктан жашоочуларга кол салуулар көп катталууда. Мындан сырткары көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда жана жаш балдар ойноочу жайларда кечки убакытта топтолуп отургандар ичимдик ичип өз ара мушташып, коомдук тынчтыкты бузууда", - деп билдиришти коомдук уюмдан.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы коомдук жайларда 2017-жылы 1 миң 194 кылмыш иши катталып, алардын 95и ичимдик ичкен абалдагы жарандардын катышуусунда катталганы аныкталса, 218 кылмыш иши туруктуу каттоосу жок жарандардын катышуусунда орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан