Бишкекте окуучулар арасында рэкетчилик күч алып жатканы айтылды

Бишкек шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмыштар көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Бишкек шаарындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо жөнүндө өткөн тегерек столдо "Жарандык бирикме" уюму билдирди.

Маалыматка караганда, борбор калаада жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, айрыкча мектептердеги рэкетчилик күчөөдө.

урамжылоо учурунда шаар тургундары агрессивдүү өспүрүмдөр көбөйгөнүн билдиришкен. Мектеп окуучулары талап-тоноону мектептен чыккандан кийин жасап жатат. Жашоочулардын айтымында, жашы жете электердин кылмыштуулукка барганына башкы себеп - интернеттин таасири. Расмий статистикага ылайык, өткөн жыл ичинде өспүрүмдөр катышкан 133 кылмыш иши катталган. Анын 36 фактысы мектептеги рэкетчилик менен байланыштуу болгон. Буга байланыштуу 1 миң 533 өспүрүм Бишкек ШИИБинин каттоосуна алынган", - дейт коомдук уюмдун өкүлү.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн Биринчи Май, Октябрь жана Свердлов райондорунун тургундарына сурамжылоо жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан