Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова "TEZ Jet" авиакаттамына таандык учактын учкучу Дмитрий Палашкинге гүлдесте белек кылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат өзү тастыктады.
Анын айтымында, учкучтун чеберчилиги менен 96 адам, анын ичинде 30 пайызы жаш балдар аман калышты.
"Кечээ, 6-мартта Дмитрий Палашкин Баткенге барган экен, анда мен аны менен жолугуп ыраазычылыгымды билдирдим. Кыймылдаткычы иштен чыгып калган учакты кондуруш - бул чоң эрдик", - деди Орозова.
Эске салсак, 1-мартта "Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек-Баткен аба каттамындагы жүргүнчү ташыган учак авариялык абалда саат 14:52де кайра Бишкекке кайтып келген. Бирок учкуч диспетчерлерге сол канаттын кыймылдаткычы иштен чыгып калгандыгына байланыштуу конуу керектигин билдирип, Чычкан капчыгайынан кайра артка кайткан. Саат 14:52де Бишкектеги аэропорттун аэродромуна конгон. Учактын ичинде 96 жүргүнчү болуп, оор жаракат алгандар катталган эмес.