Бүгүн, 7-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
10 күнгө созулган интрига бүттү. Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовду кызматтан бошотту.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы Фарид Ниязов кызматтан кетүүгө 26-февралда арыз жазганын, бирок Сооронбай Жээнбеков арызды кабыл албаганын айтып, "өлкө жетекчиси Ниязовго 1 апта эс алып келүүнү сунуштады" деп билдирүү тараткан. Ак Үйдүн жетинчи кабатында кайсы бир чиновник кызматтан кетүүгө арыз жазып, бирок арыз эмгек өргүүсүнө айланып кетсе ал окуянын аягы кандай бүтөрү белгилүү. Ниязовдун мисалында деле андай сценарий өзгөрүп кеткен жок. Ал “эми КСДПда партиялык иштер менен алектенем” дейт.
Фарид Ниязов КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары. Ал эми партия төрагалыгы Алмазбек Атамбаев президенттикке шайланган 2011-жылдан бери бош турат. Төрага шайлоо үчүн КСДП курултай өткөрөрү бир нече айдан бери айтылып келе жатат. Аны менен кошо саясат талаасында учурдагы парламент таратылышы мүмкүн экени, парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү болжолдонууда. Эске салсак, Фарид Ниязов 2011-жылы Алмазбек Атамбаевдин, 2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо алдындагы штабдарын жетектеген. 2010-жылы парламенттик шайлоодо да КСДПнын штабына жетекчи болгону маалым. Андыктан бийликтин негизги бутактарында турган КСДПда азыр алектене турган иштер көп экендиги ырас.
6-мартта президент Сооронбай Жээнбеков жоон топ жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерин жолугушууга чакырды. Суроо-жооптор учурунда Фарид Ниязовдун кызматтан кетем деген арызы боюнча президенттин комментарийи кыскача болду. "Сыйлуу орун бош калбайт. Менин жанымда да ишти алып кете турган мыкты кызматкерлер бар" деди Жээнбеков. Албетте, бул сөздөрдүн алдынан аппарат башчысын мыкты мамлекеттик ишмер, мамлекеттик иштер боюнча мыкты менеджер деп мактады. Ошентип Алмазбек Атамбаевдин “вазири” Ак Үйдөн Форумга кетти.
Эми Жээнбековдун аппаратын учурда президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Мухаммедкалый Абылгазиев жетектейт деген сөздөр айтылып, жазылууда.
Дегеле Жээнбековдун тегерегиндегилер менен экс-президент Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын ортосунда келишпестик бар экендиги, ал жарака улам чоңоюп бараткандыгы ачык көрүнүүдө. Буга чейин ал тиреш интернет айдыңында, ЖМКлардын жоромолдорунда айтылып келе жатса, 6-март күнү кечинде Коопсуздук кеӊешинин мурдагы катчысы Алмазбек Курманалиев Жээнбековдун командасына карата таарынычын ачык жазып чыкты. 2 айча Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон, бул мекемеде бир нече жыл иштеген экс-чиновникке президент Жээнбековдун 8-февралда Коопсуздук кеӊешинде айткан “укук коргоо, көзөмөл, сот органдарын коррупциядан тазалоо керек” деген сөзү жакпай калыптыр. Коррупция менен күрөшүү эми башталса, Алмазбек Атамбаевдин тушунда күрөш жүргөн эмес беле деп суроо салат.
ЖМК жетекчилери менен жолугушууда Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосунда эч кандай келишпестик жоктугун, жолугушуп турарын, анын 6 жылдык президенттик тажрыйбасы өлкө үчүн керектигин айтты. Бирок жогорудагыдай аракеттер бийликтеги КСДПда эки топко бөлүнүү башталганын көрсөтүүдө. Баса, Жээнбековдун ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушуусунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге учурунда “баш оору” болгон, аны менен соттошуп бир нече миллионго доого жыгылгандар, атүгүл коомчулукта “бакиевчил” аталып жүргөндөр да отурду...
Кыргыз өкмөтү Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунан 25 миллион доллар алмакчы. Анын 12,5 миллион доллары кредит, 12,5 миллион доллары грант түрүндө. Айыл чарба министри Нурбек Мурашев мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 55 миллион долларга жалпы 40 долбоор ишке ашырылуусу керек экенин, акчанын 25 миллион доллары аталган фонддон алынып жатканын айтты. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеӊеште талаш-тартыш менен добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоорунда "25 миллион доллардын 7 миллион доллары кеңеш берүү кызматтарына жумшалат" деп жазылган. Бул жагдай Жогорку Кеӊеште суроо жаратты. Депутаттар "акчанын 30 пайызы ортодо жоголуп кеткени турат. 7 миллион доллар көп сумма, бул акчага конкреттүү эмне иштер жасалат? Эмне кеңеш берилет?" деген суроо беришти. Тийиштүү чиновниктер жооп бере албай, министр Мурашев мыйзам долбоорун күн тартибинен алып тургула, эмкиде даярданып келейин деп чыкты. Бирок Исхак Пирматов, Акылбек Жапаров өӊдүү депутаттар "7 миллион доллар - банктардын талабы. Аны аткарбасак, эл аралык уюм гранттык акчаны Тажикстанга которуп салышы мүмкүн" деп Мурашевди кредити менен кошо “сактап” калышты. Бул депутаттарды түшүнсө болот. Учурунда башкаруучу коалицияга кирип, КСДПны “Ата Мекен”, “Өнүгүү” жана РАЖдын көзүн кароодон куткарган “Бир болго” өкмөттөн бир гана квота берилген. Ал ушул айыл чарба министрлиги. Нурбек Мурашев министрлер кабинетине “Бир болдун” атынан барган.
2013-жылы Бишкектеги жылуулук электр борборун жаӊылоо ишин кытайлык ТВЕА компаниясына берүү келишими каралганда да депутаттар менен чиновниктер дал ушундай сөздөрдү айтышкан. Долбоорду ТВЕА компаниясына бербесек болбойт, бул инвестордун талабы дешкен. Бүгүн ЖЭБ рыноктук баадан кымбат жаңыланганы, атүгүл мындан аз каражатка айрым өлкөлөр ушундай эле кубаттуулукта жаңы ЖЭБ тургузуп жатышканы далилдер менен келтирилип, иликтөө жүрүп жаткан кез.
Вице-спикер Мирлан Бакиров долбоорго каршы чыгып, өлкөдө консультациялык кызмат көрсөтүүчү мафия пайда болгонун билдирди. Депутат Мирлан Жээнчороев бул ишти УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы текшериши зарыл дейт.
Келишимге ылайык, 25 миллион доллардын 1 миллион доллардан ашыгы керектүү буюмдарды алуу үчүн Ветеринарлар биримдигине берилмекчи. 2014-жылы өлкөдө 1500дөй жеке ветеринарлар ассоциацияларга бириккен. 2017-жылы өлкөдө тийиштүү мыйзамга өзгөртүү сунушталып, жеке ветеринарларга айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар берүү демилгеленгенде, кээ бир депутаттар ветеринарияны жеке менчиике өткөрүү демилгесинин артында жеке кызыкчылык турганын айтып чыгышкан эле. Жээнчороев 1 миллион долларлык колдоо ала турган жеке ветеринарлардын арасында бул 25 миллион долларлык келишимди түзүүгө катышкан чиновниктердин жакындары болушу мүмкүн дейт.
Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргыз өлкөсү 26 жылда айыл чарба тармагына сырттан 1 миллиард 127 миллион доллар акча алды. Бирок тармакта көзгө көрүнүктүү кандай долбоор ишке ашып, эмне жылыш болгонун чиновниктер бүгүн санап бере алышкан жок.
Башка тармактарда деле көрүнүш ушундай. Мисалы, энергетика тармагына 26 жылда сырттан 100 миллиард сом алынган. Ошентсе да бүгүнкү күндө бул тармактын да ийгилигинен түйшүгү, кирешесинен чыгашасы көп. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы Айбек Калиев тармакты сактап калуу үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүшүбуз керек деп жүрөт. Ал эми 1 жыл мурун 386 миллион долларга жаӊыланган Бишкек ЖЭБи дагы эле жаӊылоого муктаж...
Ошто өгөй атасы тарабынан 5 жыл бою зордукталып жүрүп, андан төрөгөн кыздын таежеси Өзгөн райондук сотунун чечимине каршы экенин айтып, Ош облустук сотуна кайрылды. Ал кызга зордук көрсөткөн өгөй атаны өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылууда.
Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши ачылып, Өзгөн райондук соту 2018-жылы 27-февралда кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга соттогон. Кейиштүүсү, кыздын энеси күйөөсүнө эч кандай дооматы жок экенин айтып чыкты.
Бул кыздын тагдыры үй-бүлөдөгү ажырашууларда балдар корголбой каларын, биринчи кезекте балдар жабыркай турганын көрсөтүүдө. Статистикага таянсак, Кыргыз жеринде 1 жылда 8 миӊдей түгөй ажырашат. Демек, өгөйлөнүп, ата-энесинин эки жолго түшүүсүнөн запкы тарткан балдар аз эмес. Жөө жүргөндөн уялып жаткан, жүз миңдеген сомдорго саат же кресло алып, өздөрүнө ыңгайлуулук түзгүсү келген депутаттар, чиновниктер мына ушул кызга окшогон балдардын тагдырына кам көрсө коомго пайдалуу иш кылган болушар эле...