Индонезияда жергиликтүү жашоочулар сейрек кездешүүчү жолборсту кубулма киши деп ойлоп өлтүрүп салышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Индонезиянын Түндүк Суматра провинциясында жайгашкан Хатупанган кыштагынын жашоочулары айылда пайда болгон суматрандык жолборсту кубулма киши деп ойлоп өлтүрүп салышкан. Өлгөн жаныбарды айылдын көрүнүктүү, бийик жерине илип коюшкан.
Бийлик өкүлдөрү сейрек кездешүүчү жаныбардын айылда пайда болгонун угушкан. Алар жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жолборсту сактап калганга аракет кылышкан.
"Биз жолборстун өлүмүн алдын алганга аракет кылдык, бирок тилекке каршы жергиликтүү жашоочулар аны өлтүрүп салышыптыр", - деп билдиришкен алар.
Ошондой эле жаныбарларды коргоо агенттигинин өкүлү жергиликтүү жашоочулар жолборстун ички органдарын ар кандай элдик дары-дармектерди жасоо үчүн колдонорун айтып:
"Биз жергиликтүүлөр жолборсту анын ички органдарын сатуу үчүн гана өлтүргөнүн далилдеп беребиз", - деп билдирген.
Суматрандык жолборстор Суматра аралында гана байыр алышкан. Алар башка арстандардан өзүнүн көлөмүнүн кичинелиги менен айырмаланышат. Дүйнө жүзү боюнча 600 суматрандык жолборс гана калган, ошол себептен ал кызыл китепке киргизилген.