Көпчүлүк интернет колдонуучулардын социалдык тармактагы баракчаларын карап отуруп алардын жашоосуна суктангандар арабызда аз эмес. Алардын чет өлкөлөргө саякаттап барганын, кымбат ресторандарда тамактангандарын көрүп өз жашоосуна нааразы болуп көңүлү чөккөндөр да четтен чыгат.
Бирок бардыгы биз ойлогондой эмес. Америкалык инста-блоггер
Лиссетт Кальвейро социалдык тармактар үчүн суктандырган, керемет сүрөттөрдү тартам деп чоң суммадагы карызга баткан.

Лиссеттин окуясы ал Майамиден Нью-Йоркко көчүп келгенден кийин башталган. Анын айтымында, ал өзүн кинодо жүргөндөй сезип, социалдык тармактарда анын баракчасына катталган интернет колдонуучуларына өзүнүн жаңы жашоосун сүрөттөр аркылуу көргөзүүнү чечкен. Мындан улам ал буга чейин чогулткан бүт акчасын кымбат кийимдерди алууга жана достору менен көңүл ачууга короткон.

Акчасы калбай калганда дүкөнгө жарым күнгө сатуучу болуп жумушка орношкон. Бирок анын алган айлыгы баракчасына катталган колдонуучуларды эч кандай көйгөйү жок керемет жашоону чагылдырган сүрөттөр менен кубандырууга жеткен эмес.

Ушул себептен ал тааныштарынан акча сурай берип, бир нече айдын ичинде карызынын суммасы 10 миң доллардан ашып кеткен. Карыздарын төлөө үчүн ал кайрадан Майамидеги ата-энесиникине көчүп барып жумушка орношконго мажбур болгон. Буга карабастан ал сүрөткө бир эле кийим менен түшө бербеш үчүн ай сайын жаңы кийим сатып алууга көп акча жумшаган.
Мындан сырткары ал жок дегенде бир айда бир жолу белгилүү брендге таандык баасы 1000 доллардан жогору турган бир аксессуар алганга аракет кылып, ай сайын ар кайсы шаарларга барып турган.

"Мен Инстаграмга сүрөт жарыялаш үчүн эле саякаттачумун" деп билдирген блоггер.

Бул көрүнүш 2016-жылдын аягында Лиссеттке Нью-Йоркто иштөө тууралуу сунуш келгенде өзгөргөн. Ошол мезгилде блоггер керемет жашоону токтотуу керек экендигин, болбосо ал ижарага батир да ала албай тургандыгын түшүнгөн. Ал акчасын үнөмдөөнү үйрөнүп, карыздарынан кутулган. Көнгөн адаттан арылуу оңойго турбайт. Бирок Лиссет жагдайдан чыгуунун жолун тапкан. Эми ал кийимдерди сатып албастан, арзан баада ижарага алат.