"Таза сууга 63 миллион доллар жумшалып, каражат берилген аймактардын 70 пайызында суу чыкпай калган" дейт Бактыбек Абдиев

Таза суу үчүн 63 миллион доллар жумшалып, каражат берилген аймактардын 70 пайызында суу чыкпай калган. Бул тууралуу бүгүн, 7-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдирди.

"2000-2009-жылдары таза суу чыгаруу боюнча биринчи этап болгон. Ага 63 миллион доллар жумшалган. Бүгүн ошол каражат жумшалып, ишке ашырылган аймактардын 70 пайызында суу чыкпай калганы боюнча маселе бар. Изилдөө жүргүзүлгөн. Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына көп жолу кайрылганбыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бирөө да жоопкерчиликке тартылган жок. Иштин мөөнөтү өтүп кетиптир деп күч органдары жооп кылып койду", - деди Абдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.8327
2018-03-07 14:27:00
Албетте сапатсыз жасап эп септеп эле бутуруп жатышса кээ бир жерлерин союз убагындагы турбаларга эле улап чыгарымыш этип койушат..
0
baiazat
2018-03-07 16:08:17
63 млн.. 360 млн болгондо деле ушу корунуш болот болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан