Сторми Дэниэлс аттуу порноактриса АКШнын президенти Дональд Трампты сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Сторми Дэниэлстин өзүнүн аты Стефани Клиффорд.
Маалыматта жазылгандай, Клиффорддун Трампты сотко берүүсүнө экөөнүн ортосунда болгон "мамилени" ачыктабоо үчүн түзүлгөн документтен улам келип чыккан. Мындай келишим 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоо кампаниялары жүрүп жаткан учурда түзүлгөн. Порноактриса бул келишимге Дональд Трамп өзү эмес, анын жактоочусу Майкл Коэн кол койгонун айтып, келишимди жараксыз деп табууну соттон талап кылууда.
Маалыматта Клиффорд менен АКШнын азыркы президенти 2006-2007-жылдары "жакын мамиледе" болушканы жазылат. Порноактрисага шайлоо алдында коомчулукка бул тууралуу маалымат таратып жибербеши үчүн 130 миң доллар которулганын Трамптын жактоочусу билдирген.