Орусиянын Астрахань шаарына Кыргыз жергесинен алынып барган роза гүлүнүн көчөттөрү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынып, артка кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, роза гүлүнүн көчөттөрү Кыргыз жергесинен бара жаткан.
"Казак-Орус чек арасындагы "Караузек" өткөрмөсүнөн Тойота үлгүсүндөгү унаа кармалган. Анда Кыргыз жараны роза гүлүнүн миңге жакын көчөтүн чек арадан алып өтүү аракетин көргөн. Аталган жүктүн фитосанитардык документи жок экени аныкталып, унаа артка кайтарылган", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, роза гүлүнүн көчөттөрүнүн бир түбүнө болгон болжолдуу баа Орусияда 100 рублду түзөт.