Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Ак-Талаа районунун Ак-Тал-Чат айылындагы “Нарын суусу аркылуу көпүрө” объектисиндеги калыбына келтирүү иштерин аткаруу үчүн мыйзамсыз түрдө “Кербен жол курулуш” ААКсына 45 миллион 800 миң сом которуп берген.
"2017-жылдын июль айында түзүлгөн келишимге ылайык, оңдоо иштерин ошол жылдын сентябрь айына чейин бүтүрүү үчүн “Кербен жол курулуш” ААКсынын эсебине банктын кепилдиги жок, мыйзамсыз түрдө 35 миллион 300 миң сом өлчөмүндө каражат алдын ала которулуп берилген. Бул сумма Ибраевдин көрсөтмөсү менен которулган. Каражаттар короторулганы менен, ушул күнгө чейин ал акчага курула турган көпүрө ишке бериле элек", - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Ибраев 6-март күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.