"Бала кезимде алыскы өлкөлөрдү көрүү чоң кыялым эле. Ошол кыялыма жетип, алгачкы жолу өзүм жашаган Кениядан Кыргыз өлкөсүнө келдим" дейт иллюзионист Эндрью Литоро.
Анын айтымында, Кенияда сыйкыр дүйнөсүнө кызыккандар аз.
"Сыйкыр дүйнөсү мени бала кезимден эле кызыктырчу. Бул жаатта бир нече устатым бар. Алардын жолун жолдоп, Кенияда аз адам алектенген өнөрдүн ээси болгонума сыймыктанам. Мисалы, Кытайда, Түштүк Кореяда, Орусияда сыйкыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип, андан ары өнүктүрүп жаткандар көп, а бизде андай эмес. Кыргыз элинин меймандостугу, күлүп-жайнаган мамилеси абдан жакты. Бул жолугушуу акыркысы болбосо керек, алдыда, балким, дагы келебиз", - дейт ал.
Айта кетсек, бүгүн, 7-мартта дүйнө жүзүндөгү мыкты иллюзионисттер Кыргыз өлкөсүнө чогулуп, маалымат жыйын өткөрүштү.