Муз үстүндө бийлөө боюнча Олимпиаданын чемпиону Алина Загитованын 1 бөлмөлүү батири интернетте кызуу талкууга алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, япониялык телеканалдын журналисттери 15 жаштагы Алина Загитованын үйүнө конокко барышкан. Чет элдик журналисттер Алина Загитова 1 бөлмөлүү батирде чоң апасы, сиңдиси Сабина жана мышыгы менен турарын тартып көрсөтүшкөн.
Видеодо көрүнүп тургандай, Загитова 15 жылдан ашуун убакыттан бери ремонт иштери жүргүзүлбөгөн батирди жана байгелерин уялбастан журналисттерге көрсөткөн. Репортажда кичинекей ашкана, бөлмөдөгү жалгыз шкаф жана ага батпай калып жерде жаткан кийимдерди көрүүгө да болот.
Бул көрүнүш интернет колдонуучулардын көз жаздымында калган эмес. Социалдык тармактарда жана ар кандай форумдарда интернет колдонуучулар "Олимпиаданын чемпиону эмне себептен мындай шарттарда жашайт?", "Алина Загитова жаңы батирге татыктуу", "Биздин өлкө чемпиондорун ушундай сыйлайт" деген билдирүүлөрдү жазып бул көрүнүштү кызуу талкууга алышкан.
Эске салсак, Алина Загитова Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште алтын медалды жеңип алган. Ал кыска программада 82.92 упайга ээ болуп, эркин программасын аткарып 156.65 упайга ээ болгон жана жалпы эсепте Загитова 239.57 упай менен 1-орунду ээлеген. Бул жетишкендиги үчүн Алина Загитовага Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев BMW X6 унаасын белекке берген.
Маалымдама: Алина Загитова 2002-жылы 18-майда Орусиянын Ижевск шаарында туулган. Атасы хоккей боюнча машыктыруучу, сиңдиси муз үстүндө бийчи. Алина муз үстүнө алгачкы жолу 4 жашында турган. 2008-2014-жылдары Ижевсктеги спорттук мектепте машыктыруучу Наталья Антипинанын жетекчилиги алдында тарбияланган. 2015-жылы Москвага барып, орусиянын мыкты машыктыруучусу Этери Тутберидзенин шакирти болот.
2016-жылы январь айында Алина Загитова алгачкы мелдешине катышат, анда Челябинск шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы Орусиянын чемпиондугунда 9-орунду ээлеген. Август айында Францияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Гран-При мелдешинде 1-орунду ээлеп, октябрда Орусия кубогунун 3-этабын жеңсе, бир айдан кийин Орусия кубогунун 4-этабын жеңип алган. Декабрь айында кайрадан Францияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Гран-При мелдешин жеңип алып, муз үстүндө бийлөө боюнча Орусиянын биринчилигинде Евгения Медведевага жеңилип 2-орунга ээ болуп калган.
2017-жыл Алина Загитова үчүн абдан ийгиликтүү болгон, анда Загитова февраль айында өспүрүмдөр арасындагы Орусия биринчилигинде жеңишке жетишип, Түркияда өткөн Европанын өспүрүмдөр арасындагы олимпиадалык фестивалында жеңүүчү болгон. Март айында Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль жеңип алат. Сентябрь, ноябрь жана декабрь айларында Италия, Кытай, Франция жана Японияда өткөн Гран-При мелдештеринде чемпиондукту камсыздап, декабрь айында Евгения Медведеваны жеңип Орусиянын чемпиону аталган.
2018-жылдын алгачкы айында эле Загитова Европа чемпиондугунда жеңишке жетип, февралда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында муз үстүндө бийлөө боюнча командалык жарышта күмүш медалды жеңип, жеке жарышта алтын медалды багындырган.