Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG порталынын Түз эфиринде ырчы Данияр Эрматовдун маеги башталат. Алгач "Токто, жаным" деген ыры менен эл оозуна алынып, күйөрман топтогон ырчы 1989-жылы 1-февралда Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. Үй-бүлөдө 5 бир тууган, уулдардын кенжеси. "Ушул кезге чейин баш айланткан сүйүүгө кезиге элекмин" деген ырчы болочоктогу жубайы чыгармачылыктан алыс адам болушун каалаганын жана аны эч качан иштетпей турганын айтып келет.
Ырчы Данияр Эрматовго арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот. Ырчы бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:00 Данияр Эрматов SUPER.KG порталынын Түз эфирине кечигүүдө.
15:25 Данияр Эрматовдун SUPER.KG`нин Түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы кечигип келүүсүнүн себебин айткан соң, жалпы аялзатын келе жаткан 8-Март - Эл аралык айымдар күнү менен куттуктап өттү.
15:33 Суроо: "Эмнеге 8-Мартка жакын Москвага кетип жатасыз, сүйлөшкөн кызыңыз ошол жактабы?"
Жооп: "Жок, жумушка байланыштуу. Ал жактагы мекендештер концерт коюуга чакырышкан. Жыл сайын майрамдарда гастролдо болуп калам".
15:37 Ырчы окурмандын суранычы боюнча "Апакем" аталышындагы ырын жандуу үн менен аткарып берди.
15:40 Ырчы талкууга түшкөн "жылдыздын жылдызы" деген сөзү боюнча түшүндүрүп берди.
"Интернетте атайын ырчылардын тобу бар. Ошол жакка концертимдин жарнамасын жибергем. Андагы "жылдыздын жылдызы" деген сөздү болгону 1-2 эле агам, тактап айтканда, Мирлан Ниязов менен Өктөм Сапар уулу сынга алган. Ошол катуу талкууга алынып кетти. Учурда экөө менен тең иштешип, ырларыма аранжировка жаздырып жатам. Болгону алардын тамаша иретинде айткандары коомчулукка башкача мааниде тарап кетти. Бул жөн гана жарнама. Менимче, жарнама өз максатына жетти".
15:46 "Мен киного тартылууга азырынча даяр эмесмин. Качан гана актёрлук чеберчилигиме канааттанып, ролду аткарууга көзүм жеткенде гана тартылышым мүмкүн", - дейт ырчы.
15:50 Окурмандын "Ырчылар элдин көзүнчө башка, чыныгы жашоодо башка экен. Сиз дагы ошондойсузбу?" деген суроосуна, "Ар ким ар кандай. Башкалар үчүн жооп бере албайм. Ал эми өзүм кандай экенимди эл жакшы билсе керек. Ушул кезге чейин жылдыз оорусуна кабылып көргөн эмесмин жана мындан ары да бул ооруга чалдыкпайм деп айта алам. Себеби ата-энем ушундай жөнөкөй жигит кылып тарбиялаган", - деп жооп берди.
15:54 Суроо: "Нуриза деген кызды жакшы көрүп жүрүп, ал кыз турмушка чыгып кеткен соң "Көңүлүмдөн калдың" деген ырды ырдап чыгыптырсың?"
"Нуриза деген дос кызым бар болчу. Бирок турмушка чыкканын уккан эмесмин. Ал эми чыгарма ал адамга арналган эмес. Репертуарда ар кандай темада чыгармалар болуш керек да", - дейт ырчы.
16:00 Ырчы Рыспай Абдыкадыровдун "Периштем" чыгармасын жандуу үн менен аткарууда.
16:05 "Тойго барганда жандуу үн менен ырдаганга көбүрөөк басым жасайм. Бирок кээ бир учурда аппаратуралардын абалына жараша фонограмма менен ырдоого туура келет", - дейт ырчы.
16:07 "Көбүнчө акындар, обончулар менен иштешкенге аракет кылам. Репертуарымда 30га жакын ырым бар болсо, анын ичинен 10 чакты ырдын обону өзүмө таандык", - дейт ырчы.
16:10 "Мага "бул кыз менен таанышып көрчү" деп сунуштагандар көп. Аны туура эле кабыл алам. Анткени алар да мага жакшылык каалоо иретинде өз сунуштарын айтышат да", - деди ырчы.
16:12 Суроо: "Үйдүн кенжеси экенсиз, үйлөнгөндө айылда жашайсызбы?"
Жооп: "Ооба, азыр деле айылга жумасына 2-3 жолу барып келген учурлар болот. Айылдын абасы таза, адамдары жөнөкөй. Ал жакта жүрүп деле чыгармачылыкты улантса болот".
16:14 "Учурда жүрөгүм бош. Мени чач-тарач болуп иштеген Айпери деген кыз менен сүйүү мамилесинде деп айтышат. Бирок андай эмес. Ал менин эле эмес, көптөгөн ырчылардын чач жасалгасына кам көрөт", - дейт ырчы.
16:20 Ырчы Данияр Эрматовдун Түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.