Бишкек шаарындагы спорттук комплекстердин биринде сууда сүзүү боюнча 17-18-март аралыгында Кыргыз өлкөсүнүн Ачык чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу сууда сүзүү федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке жаш курагы 14 жаштан жогорку спортчулардын катышуусу күтүлүүдө. Спортчулар 3-даражадан жогорку спорттук наамына ээ болушу керек.
Мелдеш 17-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө старт алат.