Тогуз-Тородо салынып жаткан алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган комитеттин 3-мартта чыккан жарлыгына ылайык, комбинат алтынды кантип өндүрө турганы текшерилип, аны өндүрүүдөгү жоготуу менен пайданы текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Жыйынтыгында техникалык коопсуздук боюнча жаңы комбинатты куруу иштери токтотулган.
Эске салсак, 7-февралда Тогуз-Торо районунда жаңы курулуп жаткан алтын ылгоочу комбинат калк жашаган аймакта жайгашкандыктан анын тез арада жабылышын талап кылып 500дөй адам митингге чыккан.