Көздүн ордуна шишик менен төрөлгөн Табаракка эл тарабынан көптөгөн жардам бериле баштады. Бул туурасында ымыркайдын атасы Асилбек Нуркамил уулу SUPER.KG`ге билдирди
"Биз тууралуу маалымат каражаттарына, интернетке чыккандан тарта элден көптөгөн жардам келе баштады. Кайрымдуулар кийим-кече, азык-түлүк алып келип жатышат. Акчалай жардам бергендер да көп. Элден айланса болот. Элдин бизге болгон мындай мамилесин көргөнү балабыздын айыгып кетишинен үмүтүбүз чоң", - дейт Табарактын атасы.
Эске салсак, Асилбек Нуркамил уулунун баласы Табарак көзүнүн ордуна шишик менен төрөлгөн. Ымыркайдын атасы SUPER.KG порталына берген маегинде "уулубузду бирөөгө көрсөткөндөн чочулайбыз, жадакалса дарыгерлер да коркуп кетишет" деген эле.
Ошондой эле Асилбек Нуркамил уулу 14-мартта Бишкек шаарына уулун алып келип, дарыгерлерге көрсөтүүнү пландап жатканын билдирген.