АКШнын президенти Дональд Трамп “Forbes” журналынын рейтингинде дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен 222 сапка төмөндөп, 766-орунду ээледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын жыйынтыгы менен АКШнын президентинин байлыгы 400 миллион долларга азайган.
"Дональд Трамптын учурдагы байлыгы 3 миллиард 100 миллион АКШ долларын түзөт. Бул сумма былтыркы жылга салыштырмалуу 400 миллион долларга аз экенин "Forbes" аныктап жазган. Адистердин айтуусуна караганда, интернет аркылуу соода жүргүзүү күчөгөндүктөн Трамптын соода борборлорундагы сооданын аздыгы жана Нью-Йорктогу кыймылсыз мүлктөрүнө болгон баалардын төмөндөшү президенттин байлыгынын азайышына себеп болгон. Манхэттендеги Trump Tower`дин кирешеси бир жыл ичинде 41 миллион долларга төмөндөгөн", - деп жазылат басылмада.
Айта кетсек, "Forbes" журналы 1917-жылдан тартып дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин жарыялап келет.