Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Орусия менен өз ара миграциялык өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча түзүлгөн келишимде кетирилген катачылыктар боюнча маселени карап жатат. Юстиция министри Уран Ахметов мыйзам долбоорунда ката кеткендигин, бул учурда өкмөттүк аппаратта иликтенип жатканын айтты.
"Макулдашуу дипломатиялык өз ара кат алышуулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ал аяктагандан кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн. Бул мыйзам ишке кириши үчүн биринчи келишим күчүнө кириши керек. Ратификация күчүнө кириши үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүрүшү керек деген пункт бар. Азыркы учурда өкмөттүн аппаратында иликтөө жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү бул аныкталат. Өкмөт башчы бул мыйзамга кол коюп, Жогорку Кеңешке жибергенге чейин эле долбоордо ката болгон", - деди Ахметов.
Ахметов Юстиция министрлигине мыйзам долбоору катары башка документ жиберилгенин, ал эми Жогорку Кеңешке башка документ келип калганын себеп кылды. Депутат Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев, Таабалды Тиллаев Юстиция министрлиги тарабынан катачылыкка жол берилгенин айтышты. Эл өкүлдөрү акыркы учурда мындай катачылыктар көп болуп жатканын билдиришти.