Бүгүн, 8-Март - Айымдардын эл аралык күнү. SUPER.KG порталы кыргыздын атактуу мырзаларына байланышып, бул күнү жубайларын кантип кубандырып жактанына кызыгып көрдү.
Актан Исабаев: "Бүгүнкү күн эртең менен жубайыма кофе алып баруу менен башталды"
- Жыл сайын 8-Мартта апамды, келинчегимди, кыздарымды мыкты деңгээлде куттуктап, маанайларын көтөрүүгө чоң аракет жасайм. Бүгүнкү күн эртең менен жубайым ойгонгондо төшөгүнө кофе алып баруу менен башталды. Анан дароо белегимди бердим. Күн мурунтан ойлонуп, ылайыктап алып койгон белегим жакты. Андан кийин кыздарыма да белектерин тапшырып, аларга өзүм дасторкон даярдап, чай куюп бердим. Андан кийин баарыбыз чогуу апамды куттуктап келдик. Ал кишиге да чоң көңүл бурулат. Гүлүмдү, белегимди көтөрүп барып, жыл сайын куттуктайм. Кечке жуук үй-бүлөм менен сейилдеп, шаар аралайбыз. Ушул күнү келинчегимди жумуш жасоодон алыстатам.
Султан Садыралиев: "Ушул күнү майрамдаш керек деп, калган күндөрү тытынып иштеген адамдардан эмеспиз"
- Биздин үй-бүлөдө 8-Март, 23-февраль, 14-февраль деген сыяктуу майрамдар жок. Мындай майрамдарды кадимки эле күндөрдөй кабыл алабыз. Мисалы, кызымдын туулган күнүн 3-4 күндө бир өткөрөбүз. "Ата, бүгүн менин туулган күнүм, ээ" деп шамдарды көтөрүп келип калат. Апасы экөөбүз "ооба, туулган күнүң" деп торт сатып келип, дасторкон даярдап калабыз. Кызым азыр беште, туулган күн бир жылда бир келе турганын чоңойгондо өзү түшүнүп алат да. Бул жашоодо жыргап жашаш керек деп ойлойбуз. Ушул күнү майрамдаш керек деп, калган күндөрү тытынып жашаган адамдардан эмеспиз. Ал эми мен аялдарды 8-Мартта эле эмес, дайыма сыйлайм, дайыма белек берем. Күнүгө эле сюрприз жасагым келет. Кээде жубайым сыртка чыгып кетсе, ага айтпай тамак жасап коём, гүл көрүп калсам көтөрө келем. Келинчегим экөөбүздүн түтүн булатканыбызга он жыл болуп калды. 8-Мартта куттуктайт деп менден белек деле күтпөйт, көнүп калган. Чынында 8-Мартта үйдө деле болбойм. Бүгүн Чолпон-Атада ырдайм, үйгө эртең барам.
Бек Исраилов: "Бишкектин борборунан батир алганы жатам, бул келинчегиме чоң белек болот"
- Мектепте жогорку класс болуп калганда 8-Мартты кыздар эле эмес, балдар да күтчүбүз. Бир жолу классташ балам экөөбүз балдардан чогулган акчаны алып, базарга барып белекти арзандатып алып, калган акчаны бөлүп алып катуу сүйүнгөнүбүз эстен кетпейт. Ал эми кечээ үйгө түнкү саат бирлерде келгем. Алгачкы белегим болсун деп келинчегиме гүл, пицца көтөрүп алгам. Андан сырткары атайын 8-Мартка тууралап, Бишкектин борборунан батир алганы жатам. Бул келинчегиме чоң белек болот.
Мирбек Атабеков: "Эркектер үчүн 23-февралга караганда 8-март маанилүү болсо керек"
- Эркектер үчүн 23-февралга караганда 8-Март аябай маанилүү деп ойлойм. Чынында эркек кишиге бул жашоодо көп деле нерсенин кереги жок. Ойлонуп көрсөм, кылганыңдын баары эле аялдар үчүн экен. Биз баш болсок, аялдар моюн болуп бизди буруп турат. Биз алар каалаганды жасап берет турбайбызбы. Аялзатына белек берип, ал апаң болобу, карындашыңбы, эжеңби, жубайыңбы, айтор маанайын көтөрүп, эркектер өзүбүзчө ырахат алабыз. Ошондуктан 8-Март эркектердин да майрамы. Себеби ырахат алуунун өзү чоң майрам. Эс тарткандан бери 8-Мартты апамды куттуктоодон баштайм. Ал каада бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Бүгүн да алгач апамды куттуктап, анда соң калган жакын адамдарыма куттуктоо сөздөрүмдү арнадым.
Ырыскелди Осмонкулов: "Жубайыма алтын чынжыр белек кылдым"
- Биздин үй-бүлөдө 8-Март Жаңы жыл сыяктуу эле майрам. Жаңы жылга кандай даярдансак, бул күнгө да ошондой даярданабыз, ошондой күтөбүз. Кечээ, 7-мартта мектепте апалар күнүнө арналган чакан концерт болгон. Анда балам Айбар менен кызым Мыскал ырдашкан соң, үйгө келип ал майрамды улантканбыз. Ошондо эле келинчегиме, кызыма алып койгон белектеримди бергем. Келинчегиме алтын чынжыр, атыр, кызыма балдардын бет майын белек кылдым. Улуу кызым Айзана Кыргыз улуттук университетинде окуйт. Аны да куттуктадым. Эми бүгүн шаар аралап, сейилдейбиз. Күн дагы аялзатынын мээриминдей жылуу болуп, биздин майрамдык маанайыбызды көтөрүп ачык болуп турат.
Бактияр Токторов: "Жубайыма да, кыздарыма да каалаганыңарды сатып алгыла деп акча бердим"
- Ислам дининде аялзатына 8-Мартта эле белек бериш керек деп айтылбайт эмеспи. Ошонун сыңары мен кыздарыма, жубайыма колумдан келишинче күнүгө белек бергенге, майрамдагыдай дасторкондо тамактанууга, жылуу сөзүмдү аябаганга аракет кылам. Мисалы, жубайымдын жасаган ар бир тамагын мактап жейм. Кээде өзүм деле тамак жасап коём. Кыздарымды да эркелетип, ийгиликтерин мактап, кийим сатып берип, көңүлдөрүн көтөрүп турам. Азыр күнүгө кечинде торт алып келүүнү адат кылып алгам. Мурун торт алып келсем, "биздин үйдө майрам" деп сүйүнүшчү. Азыр жаңылык деле болбой калды. Ошентсе да 8-Март аялзатынын майрамы деген сөз кулакка сиңип калган да. Мындан улам жубайыма да, кыздарыма да "өзүңөр каалаганыңарды сатып алгыла" деп акча бердим.
Адилет Эркинбек уулу: "Илиманы боулингге, киного алып барам"
- 8-Март майрамын мектепте окуп жүргөндө укмуш майрамдачубуз. Биздин класста кыздар көп, балдар аз болчу. Кыздар 23-февралда үйлөрүнөн тамак даярдап келип, чакан майрам уюштуруп, белектерин беришчү. Биз балдар аз экенибизге карабай, апаларыбызга тамак жасатып, кыздардыкынан да мыкты майрам уюштурганга аракет кылар элек. Апамды, бир туугандарымды буга чейин кандай куттуктап келсем, бул жолу да ошондой маанайда белек берип куттуктадым. Илима менен сүйлөшүп жүргөндө чоң белектерди алып берчүмүн, бүгүн эртең менен гүл менен куттуктадым. Азыр достор менен боулингге баралы деп чогулуп жатабыз. Кечинде Илима экөөбүз кино көрүп келебиз.