"Чүйдө жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды. Милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" унаасы 1 саатка чукул убакытта араң келишти" деп SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтуусуна караганда, жол кырсыгы 7-мартта саат 17:00дөр чамасында болгон.
"Жол кырсыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бишкек шаарынан Совхоз Ала-Тоо айылына бара жаткан жолдо болду. Анда жогорку ылдамдыкта бара жаткан унаа жол жээгиндеги даракты сүзүп алды. Унааны 18-20 жаштагы бала айдап бара жаткан, анын жанында досу да бар экен. Айдоочу окуя болгондон кийин 5 мүнөттөй кыйналып жатып каза болду. Ал эми досу оор жаракат алыптыр, аны "Тез жардам" унаасы көпкө келбегендиктен атасы өзү ооруканага алып кетти. Милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" унаасы бир саатка чукул убакытта, 40-50 мүнөттө араң келишти", - дейт күбө.