ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суудагы эс алуучу жай жайма базарга айланып кетти" дейт окурман

"Кара-Суу районундагы эс алуучу жай жайма базарга айланып кетти, эмнеге бул нерсени эч ким көзөмөлгө албайт?" деген суроону окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.

"Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы эс алуучу жайды соодагерлер жайма базарга айландырып алышты. Бул отургучтар эл отуруп, эс алганга коюлганбы же базарга ылайыкталганбы? Эмне үчүн бул нерсени эч ким көзөмөлгө албайт?" деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
BBB88
2018-03-07 20:34:53
Бул жерде кантип эс алайын дедин эле..базардын ортосу болсо..жон эле мага место жетпей калды десен болмок..
+5
Kelechek1
2018-03-07 21:36:52
Чокуңдагы эс алуучу жайбы? Эс алгың келсе паркка бар,ошол жактан бак аралап эс ал. Сенин мээң жайында элеби? Базардын ортосунда кандай эс алуучу жай болсун. Базар деген ошондой болот. Европага бир барып келип алып Кара Суу базарын Европа деп элестетпе. Базар ошол жайма соодагерлер менен базар.
0
MAKALAK
2018-03-07 22:11:37
Базардын ортосу го ойлопмун паркта окшойт деп.Базарга коюлган скамейкалар эс алуучу парк эмес ХХХХ
0
Aiba__95
2018-03-07 23:15:01
Ошолорго тийбей эле койгулачы эми
+2
Ermekbai
2018-03-07 23:23:05
Авторго 1 сомдон чогултуп телефон алып берейлида. Телефон утам деп эле жөнсүз кабарды жөнөтөбербегиле. Жогоруда айтылгандай менда паркты жайма базарга айлантып алган окшойт десе бул базардын бир четиго. Москвага барып бала чакасын таштап акча таап келгенден жакшыго өз элибиз өз жерибиз. Уурулук кылгандан жакшы эмесби. Кумтөрдүн алтындарын уурдап кетип жатат ошону жазгыла, суу уурдалып өз элибизге жетпей жатат ошону жаз жер сатылып жатат чет элге ошону жаз ж.б. көп көйгөйлөр бар автор.
0
maks.kg.11
2018-03-07 23:49:35
Силер озунор корбой туруп эле жаман комментарий жаза бербесенер,автор тура эле айтып жатат бул жерде базарда коп жук алып чарчаган адамдар кичине эс алсын деп курал олтургучтар болчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан