Бишкекте Кыргыз өлкөсү менен Япониянын дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган "Достук концерти" өтөт

Бишкекте Кыргыз өлкөсү менен Япониянын дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган "Достук концерти" өтөт. Бул боюнча аталган өлкөнүн Кыргыз жериндеги элчилиги маалымат таратты.

Маалым болгондой, концерт 11-март күнү япониялык ырчылар жана биздин өлкөнүн "Камбаркан" фольклордук ансамблинин коштоосунда өтөт. Көрүүчүлөргө атайын даярдалган концерттик программанын алкагында эки өлкөнүн салттык жана улуттук аспаптарынын коштоосундагы түрдүү чыгармалар тартууланат.

Белгилей кетсек, кече Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги тарабынан өткөрүлөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан