Индира Жолдубаева Жогорку Кеңеште качан отчёт берери белгилүү болду

Апрель айында башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңеште отчёт берет. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин март айына карата иш планы бекитилип жатканда белгилүү болду.

7-мартта парламент март айындагы календарлык планында бир катар мыйзам долбоорлору менен бирге, иш-чаралар камтылган иш планын бекитти. Анда депутат Дастан Бекешев календарлык планга башкы прокурордун отчёту бар же жоктугуна кызыкты. Төрага Дастанбек Жумабеков Жолдубаеванын отчёту апрель айында угула турганын айтты.

"Отчёт бизге келип түшкөн. Биз аны угуунун мөөнөтүн апрель айына пландап жатабыз", - деди Жумабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан