Кытайда бала апасынын iPhone телефонун 47 жылга "кулпулап" койду

Кытайдын Шанхай шаарында кичинекей бала апасынын iPhone`нун 47 жылга "кулпулап" койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, эне уулун гаджети менен калтырып, жумуштарына алаксып калган.
"Эне уулуна балдарга арналган атайын тасмаларды телефондон коюп берген. Тасма көрүп жаткан учурда бала телефонду баскылай берип, 47 жылга "кулпулап" салган", - деп жазылат маалыматта.
Колдонууга мүмкүн болбой калган гаджетин оңдоого алып барган учурда адис ага анын тажрыйбасында 80 жылга чейин "кулпуланып" калган учурлар кездешкенин билдирген. Эми аял керексиз iPhone`нун таштандыга ыргытуу же 47 жылдан кийин неберелерине "бул телефонду атаңар "кулпулап" койгон" деп белек кылууну ойлонуп жатат.
Айта кетсек, буга чейин Apple фирмасынын гаджеттеринин иштөө мөөнөтү 4 жылга чейин деп белгиленген. Учурда дүйнө жүзү боюнча аталган компаниянын телефондорун 1 миллиард 300 миллиондон ашык адам колдонот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
ruslanz
2018-03-08 09:40:24
"разблокировка"кылса болбойбу? биздикилер ачабыз деп калышчу эмес беле.
+3
Shekeev969798
2018-03-08 17:59:59
ruslanz,Самсунгдан отору жок
+5
KRIMINAL
2018-03-08 09:46:43
Урбапбы деги. Жүрөк сада болот экенсиң боллбогон нерсе үчүн "Баласынын тоюн тааныткандар" көбөйүп кетти.
+12
bond02
2018-03-08 10:08:44
кытайлардын дагы эмнесин "кулпулап" койсо болот экен.
+19
NURTILEK_KG
2018-03-08 10:09:12
Кызык бир да адам ачалбайт бекен.озунун компаниясы да ачалбайт бекен
+9
interpol
2018-03-08 10:12:19
Биздикилер болгондо башы жетпеседа оңдойм деп ачып кайра бузуп жаап берип койот. Жоопкерчилик жокда. Бир жолу менин бир кымбат телим катып калып цумдан оңдоп берем деп ачып кайра запчасын алып жаап берип коюуптур
+23
asemus
2018-03-08 10:22:15
interpol, меникин деле беш сарыдан ондотсом 3 кундон кийин кайра иштебей калган. Ичиндеги жакшы батарейкасын башкага алмаштырып койгон экен.
+10
Bekzamann
2018-03-08 17:56:55
interpol, тооба коркушпайт десен. Жоопту кантип берет ошондойлор..
+1
vavilon.
2018-03-08 10:26:15
Кулуптаса кулуптаптырда, анын эмнеси бар экен. Ыргытып жиберип башка алып алат.
+1
Djumahmatov
2018-03-08 10:38:41
47 жылдан кийин кандай заман болуп кетерин ким билет балким ал убакытда эч ким ал телефондорду иштетбей калат Nokia ларга окшоп
+5
Alixan-Nookat.2015
2018-03-08 11:54:46
Ошто келечек базарына алып келсең ачып берет
+6
aerforce
2018-03-08 13:20:53
башкасын алатда менин балам ажатканага тушуруп навсегда култтап койдуго) ошону жанылыкка чыгартсам болмок экен жаны эле алган болчум галакси 7 былтыр жаны чыкканда
+5
toolos1982
2018-03-08 13:47:20
Менин айфонумду 27жылга блакировка кылып койду аны ачыш учун айклаудд билиш керек экен
+4
hanisa
2018-03-09 15:16:48
Биздин телефондуда кичине кызым басып салып ачылббай калды апарсак 5 кун да ондоп берелышкан жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан