Бүгүн аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий тең укуктуулук үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү. 1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын 2-эл аралык конференциясында немец революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
"Урматтуу асылзаада айымдар!
Сиздерди 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, бактылуу жашоо каалайбыз. Ар дайым жаз күнүндөй жаркырап, жүзүңүздөрдөн күлкү кетпесин. Жашоону көрккө бөлөп сүйүктүү жар, мээримдүү эне болуу бактысын тилейбиз. Бул ааламды мээрим толгон жүрөгүңүздөр менен жылытып жүрө бериңиздер. Чыныгы аялдык бакыт каалайбыз!"