Испанияда эң эски футболдук клубдардын бири "Рекреативо" 1 еврого сатылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболдук клубда каржы көйгөйлөрү пайда болгондуктан улам "Рекреативого" жаңы ээ керек болуп жаткан кези. Футболдук клубдун карыздары учурда 7,6 миллион еврону түзүүдө.
"Рекреативо" жайгашкан Уэльва шаарынын бийлиги карыздарды жоюп жана футболдук клубга жаңы ээ таап койгонун билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, "Рекреативо" Испаниянын эң эски футболдук клубу болуп эсептелет. 2018-жылы футболдук клубдун негизделгенине 129 жыл болот. Азыркы тапта "Рекреативо" Испания чемпиондугунун 3-дивизионунда ойноп келет.