Президент Сооронбай Жээнбеков Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Урматтуу айымдар, жаз майрамы 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Сиздер өз мээримиңиздер менен жашоону көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер. Энелик сезимиңиздер, келечек муунга арналган чексиз сүйүүңүздөр жашоонун улуу көчүн улап келет. Кыргыз элинде байыртан эненин орду өзгөчө бааланып келген. Ал ыйык салт биздин коомдо дайыма аздектелип сакталат. Сиздер бүгүн өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып жатасыздар. Аялдар - жашообуздун ыйык коломтосу. Коомубуздун ынтымагына жана биримдигине сиздердин кошкон салымыңыздар баа жеткис. Сиздердин кажыбас кайратыңыздар, турмуштук активдүү позицияңыздар бизди ар дайым бийик максаттарга, зор жоопкерчиликке багыттап турат. Урматтуу асылзат айымдар, майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай каалайм! Майрамыңыздар менен!", - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mikra
2018-03-08 12:05:30
Эгер ушул куттуктоолорунуз чын журоктон айтылган болсо улуу урматтуу президент.Шайлоо учурунда коп нерселерди убада кылдыныз эле.ошол убадалардын ичинен жалпы аял затынын атынан айтар элем.пособия жолок пул суйунчу пулдарды ары бери ар шылтоону айтып 120койунуздун ойуна койбой озунуз эле чечип койсонуз болмок.биз сизге ишенебиз сиздин колунуздан келет ошол нерсе бирок сиз кол алдыныздагы 120койду угуп отурбаныз.алар жоо журуштон уялып шапкелерин ылдый кылып журоберишет.бирок аялзаты кыйналыпата
+4
Bazake
2018-03-08 12:37:50
Mikra,Шайлоо алдындагы убадаларын четинен аткарып жатат. Бирок, президенттин укуктары чектелуу. Ал эми эконмикага жооптуу болгон өкмөт кыймылдабай жатат. Буйруса бул маселе да чечилип, Жээнбековдун сунуштарын так аткарган окмот келип калар.
+4
Mikra
2018-03-08 12:14:33
Куттуктоонузга чоон рахмат.Бизге берген белегиниз пособя жана жолок пулду жаны тузулгон мыйзамыныздардын негизинде карап колдоп кол койуп берсениз ошол сиз кылган жакшылыгыныз омур бойу айтылмак С Жеенбековдун тушунда тузулгон ошол азаматка рахмат деп айтып отушмок.Бакиевди деле азыркыга чейин мактап эстеп келишетго мектеп жашындагылардагы бизге ысык тамакты уюштуруп кеткенинизге рахмат деп.кебир окуучулар ысык тамак учун барышат экен.сизда жаны торолгон наристелерди кубата аласыз деп ишенебиз.
+3
Rasul94
2018-03-08 16:11:17
убакыттан пайдаланып баардык кыргыз апаларды.эжелерди.карындаштарды бугунку 8-март майрамдары менен куттуктайм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан