Орусиялык ырчы Светлана Лободанын "Rammstein" рок тобунун солистинен кош бойлуу экендиги айтылууда. Бул тууралуу бир катар орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, учурда ырчынын 7 айлык боюнда бар. Буга чейин ал чоңоюп калган курсагын жашырып жүргөнү менен, "Жара" фестивалында белгилүү ырчы Николай Басков "Азыр сахнага кош бойлуу Светлана Лобода чыгат" деп жар салып, коомчулукка ачыктап койгон.
"Лобода экинчи ирет эне болот. Ал буга чейин Андрей Царь аттуу бийчи менен жакын мамиледе болуп, 1 кыздуу болгон соң ажырашып кеткен. Ал эми өткөн жылы Бакуда өткөн фестивалда "Rammstein" рок тобунун солисти, 55 жаштагы германиялык музыкант Тилль Линдеманн менен жакын мамиле куруп жүргөнү белгилүү болгон. Ошондон тартып атактуулар сүйүү мамилелерин улантып келишет. Учурда Лободанын 7 айлык боюнда бар, албетте, ымыркайдын атасы Линдеманн болушу толук мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми ырчы өзү жогоруда аталган музыкант менен болгон мамилесин төгүндөп, бирок болочок ымыркайынын атасы ким экендигин айтуудан баш тарткан.
Белгилей кетсек, учурда эки атактуунун тең башы бош. "Rammstein" тобунун солисти акыркы жолу мындан 3 жыл мурун София Томалла аттуу актриса менен жакын мамиледе болгону айтылат.