Белгилүү орусиялык балет бийчиси Анастасия Волочкова жарыялаган калпакчан айдоочусунун сүрөтү интернетте кызуу талкуу жаратты

Орусиялык белгилүү балет бийчиси Анастасия Волочкова ак калпакчан айдоочусунун сүрөтүн өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

Сүрөттө Волочкова айдоочусу менен Mercedes S-Class унаасынын жанына туруп түшкөн. Андагы айдоочу башына ак калпак кийип турганын көрүүгө болот. Волочкова сүрөттү жарыялап, алдына: "Бул менин жаңы айдоочум. Сиздердин жашооңуздар да меникиндей күтүүсүз окуяларга бай болушун каалайм!" - деп жазган.

Бул сүрөттү интернет колдонуучулар кызуу талкууга алышкан. Анда көпчүлүк айдоочуга ийгилик каалап, ал кыргыз улутундагы адам экенин айтышса, айрымдары көптөгөн чуулгандуу окуялардын чордонунда жүргөн Волочкова айдоочуну дагы бир ишке аралаштырып коюшу мүмкүн экендигин жана анын айдоочусу болуп иштебей эле койгону оң болорун жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
dastan.bujun
2018-03-08 14:03:25
Эмне болуптур айдоочу болсо.
Орустар бизде Министр болуп иштейт
+44
kyzburak87
2018-03-08 19:41:26
dastan.bujun,министр,депутат десениз а
+2
travm
2018-03-08 14:30:41
Молодец брат
+7
admiral
2018-03-08 14:39:08
Орустардан ичи кенен, кең пейилдүү калк экенин көрүп эле жүрөбүз.
+17
tursunbaev78
2018-03-08 21:44:47
admiral,Орустардын ичи тарын көрбөпсүң,беш кол тең эмес
+3
admin_superstan
2018-03-08 15:07:04
sirgak_92, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
+5
chyrok
2018-03-08 15:30:43
Мага барынан калпак кийип тушкону жакты
+20
Karban86
2018-03-08 15:39:38
Тынкылдашпай жакшы жургуло
+34
lady_91
2018-03-08 16:07:20
Karban86,сразу ошону ойлодунбу)))
+9
yrmat88
2018-03-08 19:00:26
Karban86,
Жолун тапса тынкылдашып коет, эмнеси бар экен. .
+9
rysik79
2018-03-08 16:40:59
Орус менен дос болсон ай балтанды ала жур..
+7
DAKS
2018-03-08 16:45:24
Просто бул аялдын айдоочусу болуп иштегендер азыр суракта болсо керек, анткени бул аял кымбат баалуу буюмдарын уурдатып аны айдоочусунан коргонун, айдоочусу мн ойнош экенин твданда юерип атпады беле
Ошого кыргыз киши да кийлигишип калбаса деген ойлор болсо керек
+14
Saidochka
2018-03-08 17:12:44
Бул аял интриганын устундо журчу эле,жердешибизге зыяны тийбесе эле болду.
+3
topi
2018-03-08 17:26:58
Оо азамат сыймыктанам молодец деп эле мактанып жатып калабыз, болгону айдоочу , эми адал иште тандоо жок дечи бирок намыс да керек, оруспу кайсы улут болбосун бизге жумуш берсе анын чыныгы берилген ити болууга да даярбыз озубуздун кыргыз байыса коралбай керсейип анын ишин кылгыбыз келбейт , мен бир кыргызды кордум чуйлук болок улуттун колунда иштейт анын бутун жалаганга даяр, бирок бай когунасы оштук аны [moderated] деп ичи тарыйт
+2
Kirajsjk
2018-03-08 18:03:27
kokurogu kantet albarstidai bolup.
+2
bazarkyl
2018-03-08 18:08:01
Силерда мактанып жазып атпайсыңарбы , туура эмес
+1
nurbekasr
2018-03-08 20:16:16
Волочковага да элечек кийгизип кой эми.
+9
Senator
2018-03-08 20:17:10
Иштей берсин анын неси уят,жакшы толоп берсе жашоосун ондоп алсын а бул жакта жарытарлык айлык жок болсо
+4
nurbekasr
2018-03-08 20:18:05
Арт жактагы здания Кыргыз прокуратурасынын зданиеси го.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан